Радио

Жуматаев: илимий шаймандар базасы жаңыланса илим тез секирик жасайт

Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик Мурат Жуматаев Кыргызстанда илимий шаймандык база жаңыланса илимде секирик болорун айтты.
Sputnik
Президент Садыр Жапаров Кыргыз улуттук илимдер академиясына келгенде техникалык базасын жакшыртууга жана башка муктаждыктарына каражат бөлүүгө өкмөткө тапшырма берди. Мындай маалыматты Мурат Жуматаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек учурунда кабарлады.
Анын айтымында, Илимдер академиясы гана эмес, илим-изилдөө институттары өздөрүнүн аспаптык базасын жаңылап, шарт түзүп алса өлкөдөгү илимде чоң бурулуш болот.
"Азыркы учурда маалымат абдан көп жана жетиштүү. Кадр маселесине келгенде өтө чоң көйгөй балкалбайт. Жаш кадрлар көп. Бирок илимде секирик жасайт турган негизги иш бар. Илимдин өнүгүшү үчүн илимий шаймандык база жаңыланышы керек. Эгер бул шарт түзүлсө, Кыргызстанда илимде секирик болот. Техникалык базаны жакшыртуу боюнча президент да тиешелүү каражат бөлүүгө өкмөткө тапшырма берди. Анын аткарылышын күтүп отурабыз. Учурда буйрук чыгып, процедуралар жүрүп жатат," — деди Жуматаев.
Академик өлкөдө илимде кадр маселеси эң негизги көйгөй эместигин кошумчалады.