Австрияда Pfizer жана BioNTech вакцинасын алган соң 41 адам каза тапты

Дарыгерлер бейтаптардын өлүмү менен препаратты колдонуунун ортосундагы байланышты аныкташкан эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Австрияда 41 бейтап Pfizer жана BioNtech вакцинасын алгандан кийин көз жумду. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
Ага ылайык, ошол эле маалда дарыгерлер бейтаптардын өлүмү менен препараттын ортосундагы байланышты аныкташкан эмес.
Италияда коронавирустун "нигериялык" штаммы табылды
Отчетте белгиленгендей, үч бейтаптын эмдөөдөн кийин дароо эле көз жумганы сөөктү сойгон соң билинген. Дагы 11 адам эмдөөнү коронавирустун инкубациялык маалында алып каза тапкан. Калган 19 кишинин оорусу өлүмгө алып келди деп боолголонсо, сегизинин өлүмүнүн себеби учурда такталып жатканы айтылды.
Декабрь айынын башында америкалык Pfizer жана германиялык BioNTech компаниялары биргелешип чыгарган вакцина COVID-19га каршы АКШда жана Европа өлкөлөрүндө эмдөөгө колдонула баштаган.