Кылмыштуу топтун Улан Узун каймана аттуу мүчөсү кармалды. Сүрөт

Криминалдык чөйрөдө "Улан Узун" деген ат менен белгилүү Улан Барчакеевдин тергелип жаткан иштин алкагында кылмышка байланыштуу аракеттери аныкталган.
Sputnik
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Кылмыш чөйрөсүндө "Улан Узун" деген ат менен белгилүү Улан Барчакеевге кылмыш иши козголуп, кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
1 / 3
Кылмыш чөйрөсүндө "Улан Узун" деген ат менен белгилүү Улан Барчакеевге кылмыш иши козголуп, кармалды
2 / 3
Маалыматка ылайык, Барчакеев УКМК тергеп жаткан иштин алкагында кылмышка байланыштуу иштеринин негизинде кечээ, 1-мартта, колго түшүрүлгөн
3 / 3
Анын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесинин негизинде УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени айтылды
Маалыматка ылайык, Барчакеев УКМК тергеп жаткан иштин алкагында кылмышка байланыштуу иштеринин негизинде кечээ, 1-мартта, колго түшүрүлгөн.
Анын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесинин негизинде УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени айтылды.