Садыр Жапаров Нурсултан Назарбаевдин музейине барды. Сүрөт

Нурсултан Назарбаевдин өмүр жолуна арналган музей 2020-жылы 1-октябрда ачылган. Анда Назарбаевге Кыргызстандан тапшырылган бир нече белектер да бар.
Sputnik
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Садыр Жапаров бүгүн, 2-мартта, Нур-Султан шаарындагы Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин музейине барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
1 / 5
Садыр Жапаров бүгүн, 2-мартта, Нур-Султан шаарындагы Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин музейине барды
2 / 5
Мамлекет башчысына музейдин ачылышы жана анын экспонаттары тууралуу айтып беришкен
3 / 5
Нурсултан Назарбаевдин өмүр жолуна арналган музей 2020-жылы 1-октябрда ачылган
4 / 5
Аянты 40 миң чарчы метрди түзгөн бул музейде Казакстандын туңгуч президентинин жеке коллекциясынан алынган уникалдуу буюмдар жана Казакстан мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүн баяндаган экспонаттар сакталат
5 / 5
Мамлекет башчысы жети өзгөчө көргөзмө залдан турган музейди көрүп чыккан соң, музейдин электрондук китебине каалоо-тилектерин калтырды.
Мамлекет башчысына музейдин ачылышы жана анын экспонаттары тууралуу айтып беришкен.
"Нурсултан Назарбаевдин өмүр жолуна арналган музей 2020-жылы 1-октябрда ачылган. Аянты 40 миң чарчы метрди түзгөн бул музейде Казакстандын туңгуч президентинин жеке коллекциясынан алынган уникалдуу буюмдар жана Казакстан мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүн баяндаган экспонаттар сакталат. Музейде Нурсултан Назарбаевге Кыргызстандан тапшырылган бир нече белектер да бар", — деп айтылат маалыматта.
Мамлекет башчысы жети өзгөчө көргөзмө залдан турган музейди көрүп чыккан соң, музейдин электрондук китебине каалоо-тилектерин калтырды.