Оштун мурдагы башчысы Байыш Юсуповдун уулу шаардын биринчи вице-мэри болду

Байыш Юсупов былтыр октябрдагы парламенттик шайлоодон кийинки нааразычылыктардан улам отставкага кеткен. Уулу калаа мэриясындагы кызматынан жогорулады.
Sputnik
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Өкмөттүн Ош облусундагы мурдагы өкүлү Байыш Юсуповдун уулу Замир Юсупов Ош шаарынын биринчи вице-мэри болуп дайындалды. Бул маалыматты муниципалитеттин басма сөз кызматы тастыктады.
Тиешелүү буйрукка мэр Таалайбек Сарыбашов кол койгон.
Мамкаттоонун мурдагы жетекчиси Суваналиевге орун басар болуп Баткенге барды
35 жаштагы Замир Юсупов буга чейин Ош шаардык мэриясынын тышкы байланыштар жана аналитика бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштеп келген.
Жогорку билимдүү. Кыргыз-орус славян университетинин эл аралык мамилелер факультетин жана Ош технологиялык университетин аяктаган. 
Анын атасы Байыш Юсупов былтыр августта Узарбек Жылкыбаевдин ордуна келген. Бирок октябрдагы парламенттик шайлоодон кийинки нааразычылыктардан улам отставкага кетип, ордуна Жарасул Абдураимов дайындалган.