Абдурахманхаджи Муртазалиев КРдин эмгек сиӊирген спорт чебери наамын алды

Муртазалиев 2019-жылы Нур-Султан шаарында өткөн грэпплинг боюнча дүйнө чемпионатында алтын байге уткан. Ошондой эле ачык имараттагы Азия оюндарынан коло медаль алган.
Sputnik
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Кыргызстандык жиу-житсучу жана грэпплер Абдурахманхаджи Муртазалиевге "КРдин эмгек сиӊирген спорт чебери" наамы ыйгарылды. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.
Тиешелүү чечим "КРдин 2021-2024-жылдарга карата бирдиктүү спорттук классификациясы" токтомуна ылайык кабыл алынган.
Бильярдчы Каныбек Сагынбаев Бишкектеги спорт мектебине директор болду
Ошондой эле таэквон-до ИТФ боюнча машыктыруучу Виталий Олейниченкого жана эркин күрөш боюнча машыктыруучу Нурлат Такировго "КРдин эмгек сиӊирген машыктыруучусу" спорттук наамы ыйгарылды.
Муртазалиев 2019-жылы Нур-Султан шаарында өткөн грэпплинг боюнча дүйнө чемпионатында алтын байге уткан. Ошондой эле жиу-житсу боюнча Азия чемпиону, жабык имараттагы Азия оюндарынын алтын байге ээси жана ачык имараттагы Азия оюндарынан коло медаль алган. Мындан тышкары, Жиу-житсу улуттук федерациясынын президенти.