Кыргызстанда 57 адам коронавирус жуктуруп, бир киши көз жумду

Башка аймактарга салыштырмалуу Бишкек шаары менен Чүй облусунда илдет жуктургандар азайбай жатат. Соңку суткада Ошто жана Баткенде ооругандар катталган жок.
Sputnik
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада 57 адамдан коронавирус аныкталып, бир киши көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Акыркы суткада COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
Былтыр жаздан бери Кыргызстанда 86 308 кишиден коронавирус чыкты.
Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен (пневмонияны эсепке алганда) 59 киши айыкты:
Жалпы жонунан 83 269 адам сакайды.
Тилекке каршы, өткөн суткада COVID-19дан Бишкекте бир адам көз жумду. Коронавирус пандемиясы 1 467 кыргызстандыктын өмүрүн алды.
Учурда стационарда 353 бейтап дарыланууда. Анын ичинен эки адамдын абалы канааттандырарлык, 242си орточо, 92си оор, 17си өтө оор абалда. Амбулатордук дарыланууда 280 бейтап бар.