Алгачкы космостук мейманкана кандай болот. Кызыктуу 10 сүрөт

Sputnik

Жердин орбитасында жайгашчу мейманкана Voyager Station деп аталмакчы. Аны Orbital Assembly Corporation (OAC) корпорациясы курат. Отель алгачкы кардарларын 2027-жылы эле тосуп алары айтылууда.

Марстан алынган кадрларды кытай аппараты Жерге жиберди
Космостук мейманкана көлөмдүү шакекче түрүндө салынып, ортосуна келген эл менен жүктү ары-бери ташый турган шлюз орнотулат. Шакекченин сырткы бетинде капсула-бөлмөлөр жайгашат. Туристтер өздөрүн кадимкидей сезиши үчүн шакекче жасалма гравитациянын элесин бериш үчүн айланып турат. Тартылуу күчү жердегидей эмес, Айда жүргөндөй болору айтылды.

Мейманканада конок бөлмөлөрүнөн тышкары ресторан, бар, тренажер залы, ашкана жана кеме экипажы үчүн жайлар болору пландалууда. Туристтерден тышкары мейманканага окумуштуулар, изилдөөчүлөр жайгаша алат. Айрым жайлар ижарага берилип же ишкерлерге сатылары да айтылды. Капсуланын узуну 20, ал эми туурасы 12 метр болмокчу.

1 / 10
Жердин орбитасында жайгашчу мейманкана Voyager Station деп аталмакчы. Аны Orbital Assembly Corporation (OAC) корпорациясы курат
2 / 10
Космостук мейманкана көлөмдүү шакекче түрүндө салынат
3 / 10
Ортосуна келген эл менен жүктү ары-бери ташый турган шлюз орнотулат. Шакекченин сырткы бетинде капсула-бөлмөлөр жайгашат
4 / 10
Мейманканада конок бөлмөлөрүнөн тышкары ресторан, бар, тренажер залы, ашкана жана кеме экипажы үчүн жайлар болору пландалууда
5 / 10
Туристтер өздөрүн кадимдей сезиши үчүн шакекче жасалма гравитациянын элесин бериш үчүн айланып турат
6 / 10
Ачык космоско чыгып жаткан астронавт-турист. Тартылуу күчү жердегидей эмес, Айда жүргөндөй болору айтылды
7 / 10
Космостук мейманканадагы спорт залы. Айрым жайлар ижарага берилип же ишкерлерге сатылары да айтылды
8 / 10
Бул отелдеги ресторандын көрүнүшү. Туристтерден тышкары мейманканага окумуштуулар, изилдөөчүлөр жайгаша алат
9 / 10
Бир капсуланын узуну 20, ал эми туурасы 12 метр болмокчу
10 / 10
Отель алгачкы кардарларын 2027-жылы тосуп алары айтылууда