Касымалиева: Конституциянын жаңы долбооруна бир да депутаттын сунушу өткөн жок

Конституциялык кеңешменин катчылыгы сунуш келбегенин айткан, депутат "андай болсо эмнеге талкуулап жатабыз?" деп суроо салды.
Sputnik
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Вице-спикер Аида Касымалиева жаңы Конституциянын долбооруна депутаттар берген сунуштардын бири да кошулбаганын билдирди.
ЖК комитетинде референдумду 11-апрелге дайындоо сунушталды
Белгилей кетсек, 17-февраль күнү Баш мыйзамды демилгечи болду делген 80 депутат жана Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү талкуулаган. Анда эл өкүлдөрү бир нече кемчиликтерин таап, сунуштарын беришкен. Анда Конституциялык кеңешменин катчылыгы карап чыгып сунуштарды кошо турганы айтылган.
"Конституциялык кеңешменин катчылыгынан сурасам бир да сунуш келген жок деп жатат. Анда биз айткан сунуштар кайда кетти, эмнеге кайра-кайра талкуулап жатабыз? Бүгүн комитетте каралып жатат, эми мындан ары регламентке ылайык эч жерин өзгөртө албайбыз. Баш мыйзамдын бир үтүр, чекити да чоң маани берет. Азыр долбоордо редакциялык каталары кыргыз, орус тилиндегиси эки башка чыгып жатат. Аны кантип оңдойбуз", — деди Касымалиева.
Ал эми депутат, Конституциялык кеңешменин мүчөсү Бактыбек Турусбеков лингвистикалык экспертиза качан бүтөрү туурасында билбей турганын, аны ЖК аппаратынан суроо керектигин айтты. Натыйжада суроо жоопсуз калды.