Камчы Көлбаев бир шарт менен абактан бошотулду

Кримтөбөл Камчы Көлбаев. Архив
Көлбаев өткөн жылдын октябрь айында кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Кийин ден соолугуна байланыштуу колонияга которулган. Жакында эле райондук сот анын камактагы мөөнөтүн узарткан болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Кримтөбөл Камчы Көлбаев эч жакка кетпөө тил каты менен абактан бошотулду. Маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкек шаардык сотунун басма сөз катчысы Айсулуу Жаасынова тастыктады.
Анын айтымында, кримтөбөлдүн баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча соттук отурум бүгүн, 2-мартта, болгон.
Бишкектин Биринчи май райондук соту 24-мартта Көлбаевдин баш коргоо чарасын карап, анын камактагы мөөнөтүн 22-мартка чейин узарткан.
Кылмыштуу топтун Улан Узун каймана аттуу мүчөсү кармалышы
Кылмыштуу топтун Улан Узун каймана аттуу мүчөсү кармалды. Сүрөт
Көлбаев 22-октябрда Бишкектеги спорттук клубдардын биринде кармалган. УКМКнын маалыматы боюнча, кримтөбөл уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын алкагында алынган маалыматтын негизинде колго түшүрүлгөн. Материалдар Кылмыш кодексинин 249-беренеси ("Кылмыштуу топ түзүү же ага катышуу") боюнча катталган.
24-октябрда Биринчи май райондук сотунун чечими менен Көлбаев тергөө бүткөнгө чейин камакка алынып, УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилген. Кийин Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз түшүп, бирок аны жактоочулар кайра артка кайтарып алышкан.
Ноябрь айынын аягында Көлбаев ден соолугуна байланыштуу №47 колонияга которулуп, ошондон бери аталган абакта кармалып келген эле.