Ирандан алып келинген жарым миллиондой таңгак тамеки аныкталды. Видео

Финансы полициясынын алдын ала эсеби боюнча, ташып келинген тамекинин акциздик салыгы 20,7 миллион сомду түзмөк.
Sputnik
Кыргызстанга акциздик белгиси жок 500 миң таңгактан ашык тамеки ташылып келгенин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы билдирди.
"Ирандан тамеки өнүмдөрүн Кыргызстандын жараны А.Н. деген адамдын аты менен алып келишкен. Бул жаран эч кандай экономикалык ишмердүүлүк менен алектенбейт, салык органдарында каттоодон өткөн эмес. Аткезчилик жол менен алып келинген тамекинин саны 500 миң таңгактан ашат", — деп айтылат маалыматта.
Финансы полициясынын алдын ала эсептөөсү боюнча, ташып келинген чылымдын акциздик салыгы 20,7 миллион сомду түзмөк.
Чогултулган материалдар юридикалык баа берүү үчүн ЭККККнын тергөө башкармалыгына өткөрүлгөн.