Instagram түз эфирге чыккандарга карап жаңы кызмат кошту

Сервис эми түз эфирге чыккандардын, анын ичинде белгилүү адамдар менен ток-шоу алып баргандардын саны көбөйөрүнө ишеним артып жатканын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Мындан кийин Instagram тиркемесинин Live Rooms жаңы кызматы аркылуу түз эфирге үчтөн киши чыгып сүйлөшө алат. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Instagram колдонмосунда буга чейин түз эфирге бир эле кишини кошуп, эки киши баарлаша алчу.
Сервис эми түз эфирге чыккандардын, анын ичинде белгилүү адамдар менен ток-шоу алып баргандардын саны көбөйөрүнө ишеним артып жатканын билдирген. Ошондой эле жаңы кызмат бизнес жүргүзүп, каражат табууга жол ачары айтылган.
Бул функция жакынкы күндөрү дүйнө боюнча жеткиликтүү болуп калары белгиленди.