ДССУ: коронавирустун ыңгайлашып, көнүшүп кетүүсүнө жол бербейли!

Адис вирус бир адамдан экинчи адамга жукканда мутация болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло турганын айтып, бет капты түшүрбөй тагынууга үндөгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Коопсуздук эрежелерин сактоо менен коронавирустун мутация болуп кетүүсүнө жол бербөө зарыл. Бул тууралуу ДССУнун Россиядагы өкүлү Мелита Вуйновичтин айтымына таянып РИА Новости кабарлады.
"Көп мамлекеттердин калкында жетиштүү иммунитет дагы эле жок", — деген ал.
ДССУ: коронавирустун азайганына кубануу азырынча эрте
Анын айтымында, эгер коопсуздук, санитардык эрежелер сакталса, анда коронавирустун мутация болуп кетүүсүн алдын алса болот.
"Гигиена эрежелерин жана аралыкты сактап, бет капты түшүрбөш керек. Анткени вирус бир адамдан экинчи адамга жукканда ал мутация болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Ошондуктан, келгиле, вирустун көнүшүп, ыңгайлашып кетишине жол бербейли!" — деген ДССУ өкүлү.
Буга чейин ДССУнун Европа аймактык бюросунун башчысы Ханс Клюге коронавирус пандемиясы кийинки жылдын башында аякташы мүмкүн деген божомолун айткан.