Аялдар конгресси мыкты айымдар менен өрнөктүү энелерди сыйлады. Сүрөттөр

Майрамга карата уюштурулган иш-чарада эл назарына "Кыргызстандын айымдары" аттуу китеп тартууланды.
Sputnik
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Кыргызстан аялдар конгресси Аялдардын эл аралык күнүн утурлай салтанаттуу кече уюштуруп, бир катар аялзатына сыйлык тапшырды.
Улуттук филармонияда өткөн аземге көп балалуу энелер, ар кандай кесиптердин жана улуттардын өкүлдөрү, эмгек сиңирген мугалимдер, аялдар кыймылынын ардагерлери жана жогорку өкмөттүк сыйлыктарга ээ болгон айымдар чакырылган. 
Кыргызстан аялдар конгресси аялдардын эл аралык күнүн утурлай салтанаттуу кече уюштуруп, бир катар аялзатына сыйлык тапшырды.
Майрамдык иш-чараны Кыргызстан аялдар конгрессинин президенти Замира Акбагышева ачып, андан соң Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиев, Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Эмил Мамасадыков куттукташты. Салтанатка бир нече мамлекеттин Кыргызстандагы элчилери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү да катышты.
1 / 2
Улуттук филармонияда өткөн аземге көп балалуу энелер, ар кандай кесиптердин жана улуттардын өкүлдөрү, эмгек сиңирген мугалимдер, аялдар кыймылынын ардагерлери жана жогорку өкмөттүк сыйлыктарга ээ болгон айымдар чакырылган.
2 / 2
Салтанатка бир нече мамлекеттин Кыргызстандагы элчилери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү да катышты.
"Ар тармакта эмгеги сиңген ишмер айымдар Аялдар конгрессинин "Лидерлиги үчүн", "Жылдын мыкты айымы", "Өрнөктүү эне" алтын медалдары менен сыйланды. Эл аралык айымдар күнүн утурлап, Кыргызстан аялдар конгресси "Кыргызстандын айымдары" энциклопедиясын чыгарды. Ага өз эмгегинен баар таап, Кыргызстанга кызматы менен үлгү болгон 333 аялзаттын тарыхы камтылды", — дешти уюштуруучулар.
Аялдар конгрессинин президенти Замира Акбагышева
Аялдар конгрессинин президенти Замира Акбагышева аялдардын ийгилик тарыхы жаш муундарга өрнөк болот деген ишеничин билдирди.