2020-жылы колдонулган өтө оңой сыр сөздөр жарыяланды

Интернет колдонуучулардын көпчүлүгү компьютерге жана башка гаждеттерге эң эле оңой болгон сыр сөздөрдү тандаган.
Sputnik
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Интернетке 2020-жылы колдонулуп, таап кетүүгө өтө оңой болгон сыр сөздөрдүн тизмеси чыгып кеткендигин Известия басылмасы жазды.
Анын сап башында мурдагыдай эле 123456 сыр сөзү турат. Андан кийин 123456789 жана 000000 сандарын көп колдонушкан. Булардан сырткары asdasd жана asdfghjkl, ал эми кириллица менен жазганда "марина" деп терилген сөз да арбын кездешкен. Анткени менен мурда көп пайдаланылган qwerty бул сапар аз болгон.
Телефонго манжанын изин коюп күйгүзүү кооптуубу? Адистин кеңеши
Ал эми англис тилинде password, iloveyou, dragon жана monkey абдан көп колдонулган. Кириллицада "йцукен" (былтыр экинчи орунда турган), "пароль" (2019-жылы популярдуу болгон), "я", "любовь" жана "привет" сөздөрүн көп коюп алышкан. Ал эми ондукка "наташа", "максим", "люблю", "андрей" жана кайра эле "марина" кирген.
2020-жылы коронавируска байланыштуу covid19, "корона", epidemic, COVID19_Access, pandemic, coronavirus деп аталган жашыруун сөздөрдү да коюшкан.