Жапаров: парламенттик шайлоо күзүндө өтөт

Мамлекет башчы Кыргызстан боюнча 300 үй-бүлө байып, калганы жакырланып кеткенин айтып, мындан ары мыйзам президенттен кетмен чапкан адамга чейин бирдей болорун убадалады.
Sputnik
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Кыргызстанда күзүндө парламенттик шайлоо болот, баарын таза өткөрөбүз. Бул тууралуу өлкө президенти Садыр Жапаров "Казинформ" агенттигине маек куруп жатып билдирди.
Журналист мамлекет башчысына "Биз кыргыз ЖМКлары менен интернет баракчаларын окуп турабыз. Көпчүлүк сизди катаал жетекчи катары сыпатташат. Бул эмнеге байланыштуу деп ойлойсуз?" деген суроо узатты.
"Сырттан караганда катаал көрүнүшүм мүмкүн, бирок өзүм жумшак адаммын. Сурооңуздун төркүнүн түшүнүп турам. Бүгүнкү күндө бизде бардык сферада мыйзамдар иштеп жатат. Мурдагы жетекчилер, министрлер, чоң аткаминерлер камалууда. Ошол себептен дагы катаал жетекчи дешсе керек. Мурда иштеп кеткенине же азыр иштеп жатканына карабастан күнөөсү болсо жетекчилер кылган ишине жараша жазасын алсын деп жатам. Тийиштүү тараптарга эгер жалган жалаа жаап, камап коё турган болсоңор өзүңөр жоопкерчиликке тартыласыңар деп айтам", — деди Жапаров.
Садыр Жапаров Казакстандан кийин Кытай, Түркияга иш сапар менен барат
Ал ошондой эле Кыргызстанда 30 жылдан бери коррупция гүлдөп өскөнүн белгилеген.
"Кыргызстан боюнча 300 үй-бүлө байып, калганы жакырланып кеткен. Ошонун айынан бизде үчүнчү революция болду. Экинчи себеби — адилетсиз шайлоолор. Биз мурдагылардын катасын кайталаган жокпуз. Жакында жергиликтүү шайлоо, референдум өтөт, күзүндө парламенттик шайлоо болот, баарын таза өткөрөбүз. Мыйзам менден баштап кетмен чапкан дыйканга чейин бирдей болушу керек", — деди президент.
Ал ошондой эле 30 жылдан бери чирип калган системаны жипке тизгендей алып кетүү үчүн 2-3 жыл керектигин кошумчалаган.