Ысык-Көл жүрөктү дарылайт. Россиялык космонавт өзгөчө сүрөт жарыялады

Кадрдан Ысык-Көлдүн түштүк-чыгыш тарабындагы булут бурганагын көрүүгө болот. Сүрөт Эл аралык космостук станциядан тартылган.
Sputnik
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Россиялык космонавт Сергей Кудь-Сверчков Эл аралык космостук станциядан тартып алган Ысык-Көлдүн уникалдуу сүрөтүн Twitter-аккаунтуна жарыялады.
"Ысык-Көл — бул кар баскан тоолордун ортосундагы баалуу аквамарин. Ал адамдын денесин гана эмес, жан дүйнөсүн дагы дарылаган бальзам. Жүздөгөн жылдардан бери адамдарга дем берип келе жаткан Кыргызстандын бермети", — деп жазылган сүрөттүн алдына.
Кадрдан Ысык-Көлдүн түштүк-чыгыш тарабындагы булут бурганагын көрүүгө болот.
Интернет колдонуучулары космонавттан ушул сыяктуу сүрөттөрдү байма-бай чыгарып турууну суранышкан.