БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Беларусь президенти Александр Лукашенконун улуу баласы Виктор Лукашенкого запастагы генерал-майор наамы берилди. Бул тууралуу РИА Новости аталган президенттин маалымат кызматынын сайтына таянып кабарлады.
"Полковниктер Владимир Куприянюк, Роман Подлинев, Николай Карпенков, Дмитрий Шахраев, Андрей Павлюченкого кезектеги генерал-майор наамы, ал эми Виктор Лукашенкого запастагы генерал-майор наамы ыйгарылды", — деп айтылат маалыматта.
Виктор Лукашенко 26-февралда Беларустун Улуттук олимпиада комитетинин (УОК) президенттигине шайланган.
"Анда Беларусь башчысы бийликти өзүнүн балдарына берүү боюнча маалыматты четке каккан. Тагыраагы, кеп бул жерде улуу баласы туурасында жүргөн. Мамлекет башчысы Виктор Лукашенко УОК жетекчилигине шайлангандан кийин мамлекеттик кызматкер болбой тургандыгын, аны президенттин улуттук коопсуздук боюнча жардамчылыгынан бошотушарын айткан", — деп жазды РИА Новости.
Беларусь президенти Лукашенко буга чейин жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин мамлекет башчысы болбой турганын жар салды.