Бензин 5 сомго кымбаттап кетти. Нефть ташуучулар себебин түшүндүрдү

Кыргызстандагы нефтретрейдерлер күйүүчү майдын баасы боюнча учурдагы абал, кымбаттоонун дүйнөлүк тенденциясы туурасында айтып беришти.
Sputnik
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Жыл башынан тарта Кыргызстанда бензиндин баасы литрине 4,9 сомго өстү. Бул туурасында Нефтетрейдерлер ассоциациясынан кабарлашты.
Ассоциация 2021-жылдын башынан тарта 1-мартка чейин россиялык өндүрүштөн чыккан бензиндин тоннасы 300 доллардан 500 долларга чейин өскөнүн айтышты. Кымбаттоо 67 пайызды түзүп, орточо эсеп менен алганда күйүүчү майдын литрине 14 сомдон туура келген. Дизель майдын тоннасы 360 доллардан 470ке чыккан. Пайыздык көрсөткүч менен эсептей келгенде 14 болгон. Бул литрине сегиз сом дегенди билдирет.
"Республиканын май куюучу бекеттеринде бензиндин чекене баасы бир литрине 13,8 пайызга, тагыраагы, 4,9 сомго кымбаттаган. Нефтетрейдерлер ассоциациясынан аталган продукциянын наркынын КР рыногунда кескин өзгөрүлүп жана тартыш болуп кетпеши үчүн болгон аракетин кылат", — деп айтылат маалыматта.
Ассоциациядагылар баанын кымбаттап кетүүсүнүн себептеринин бири катары сомдун долларга карата болгон девальвациясын аташкан. Сомдун баасы былтыр 21 пайызга түшүп кетип, орточо эсеп менен алганда күйүүчү майга 6-7 сом кошулган. Алардын маалыматына караганда, кыргыз сомунун былтыркы девальвациясы КМШ өлкөлөрүнүн ичинен салыштырып карай келгенде байкаларлык болгон. Мисалга алсак, армян драмы Тоолуу Карабахтагы чатактарга карабастан болгону төрт пайызга гана арзандаган.
Россиядагы мунайды кайра ишетүүчү заводдордогу баанын көтөрүлүшүнүн себептери: