Өткөн суткада коронавирус 22 кишиден аныкталып, эки адам көз жумду

Өлкөдө оору жуктургандардын жалпы саны 86 251ге жетти. Анын ичинен басымдуу бөлүгү дартты жеңсе, 1 466 бейтап акка моюн сунган.
Sputnik
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Бир сутка ичинде Кыргызстанда коронавирус 22 кишиден табылып, 31 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 86 251ге жетти.
Айыккандар:
Коронавирус аныкталгандардын басымдуу бөлүгү, тагыраагы, 83 210 бейтап дартты жеңген.
Штаб: өлкөдө коронавируска караганда пневмониядан көп адам көз жумган
Тилекке каршы, өткөн суткада оору Бишкекте эки адамдын өмүрүн алган. Аларды кошкондо пандемия башталгандан тарта коронавирустан 1 466 адам акка моюн сунду.
1-мартка карата стационарларда 353 бейтап дарыланып жатканы айтылды. Анын ичинен 93 бейтаптын абалы оор болсо, 16 кишиники өтө оор деп бааланууда. Бир сутка ичинде КР боюнча бир да медиктен коронавирус катталган эмес.