"Россия Федерациясынын аймагында жашап, эмгектенип жаткан мекендештерге кайрылуу. Акыркы күндөрү Россия Федерациясынын аймагында мекендештерибиз "курьер" кызматында иштеп, баңгизатын мыйзамсыз ташууга көмөктөш болуп калган учурлар көп катталууда", — деп айтылат маалыматта.
ИИМ мыйзамсыз иштер адатта Россияда "Телеграмм" жана Hydro сайты аркылуу жүргүзүлүп жатканын билдирген.
"Мыйзамсыз буюмдарды ташууда: буюртма берүүчү тараптын буйругу менен белгиленген жерден мыйзамсыз заттарды алып, белгисиз кабыл алуучуга, тактап айтканда, жашыруун жайларга коюп кетүү болуп саналат. Бул кызмат "Телеграмм" жана Hydro сайты аркылуу жүргүзүлөт.
Ал эми расмий курьерлик кызмат: жумуш берүүчүдөн буюмду алып, белгилүү кабыл алуучуга жеткирип берүү болуп саналат жана бул кызмат тиркеме аркылуу ачык-айкын жүргүзүлөт.
Тилекке каршы, биздин кээ бир мекендештер оңой жана тез аранын ичинде чоң акча табууну көздөп мыйзамсыз заттарды, буюмдарды ташып жатышат", — деп айтылат маалыматтарда.
Өкүлчүлүк курьерлик кызматка жамынып, баңгизатын мыйзамсыз жеткирүү менен алектенген жарандарга да кайрылып, эскертүү берген.
"Бул кооптуу ишти бир же эки жолу аткарып "мени кармаса курьермин деп кутулам же эч ким байкабаса, иштин жагдайларын билбесе кайра аткарсам болот" деген кыска түшүнүктөн алыс болуш керек! Себеби алыста үмүт артып, жол карап күткөн ата-эненин, бир туугандардын көз жашы да жардам бере албайт. Бул кылмыш үчүн Россиянын мыйзамдарында 20 жылга чейинки эркинен ажыратуу жазасы каралган. Мыйзамсыз жана өмүрүңүз үчүн кооптуу ишти жасаардан мурда терең ойлонуңуз, урматтуу мекендеш", — деп айтылат кайрылууда.
ИИМ бул кайрылуунун видео версиясын да жасап тараткан.