Эгоизмде адам баарынан өзүн жогору койгондой түр калтырат. Бирок жакшылап байкасак, анын бул аракеттери айланасына зыян алып келбей, позитив гана тартуулайт. Демек, биз бул сезимден чочулабай эле койсок болот. Мындай пикирин Самат Аалканов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, адамдар көбүнесе эгоцентризмди эгоизм деп атап жаңылышат.
"Эгоцентризм — бул рак клеткасы сыяктуу. Мисалы, залалдуу шишик пайда болгон клеткалар организм менен бир бүтүндүктө жашай албай, өзүнө гана жакшы болуусун талап кылып калат. Жыйынтыгында өзү да, организм да мындан жабыркап, өлүмгө дуушар болот. Эгоцентризмде адам өз каалоосу айланасына зыян алып келип жатса деле аны ишке ашыргысы келе берет. Бирок ал коомдун бир бөлүгү болгондуктан, натыйжасында өзү, жакындары жана башкалар жабыр тартып калышы ыктымал. Ал эми эгоизмде адам бийиктиктерди самайт, алдына максат кылып коёт. Бирок андан эч ким жабыркабайт жана өз жашоосунда да пайдалуу жакка өсүш байкалат. Тескерисинче, ал өз максаттарына жетип, үй-бүлө мүчөлөрүнө, коомчулукка да пайда алып келет. Демек, эгоист адам өзүнүн айрым жеке кызыкчылыктарын айлана-чөйрөсүндөгүлөр үчүн курмандыкка да чала алат", — деди Аалканов.
Психолог баалуулуктардын иерархиясын туура түзүү менен бул эки түрдүү сапатты айырмалай алса болорун кошумчалады.
Адистин маегин толугу менен видеодон көрсөңүз болот.