Баткендеги тактала элек аймакта чуу чыгып кете жаздады

Кыргызстан менен Тажикстандын 10-15тей жараны чогулган. Учурда аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Абал туруктуу.
Sputnik
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Баткен облусуна караштуу Лейлек районундагы Интернационал айылында кыргыз-тажик чек арачыларынын өкүлдөрү жолукту. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, анда Интернационал айылынын тургуну жүргүзгөн чарба иштери талкууланган.
"Кыргызстандын жараны тактала элек аймакка жакын жердеги үйүнө атайын техника алып келип жерди түздөй баштаган. Бирок анын аракетине коңшу өлкөнүн тургундары нааразы болуп, тактала элек аймактагы шарттуу линияга Кыргызстан менен Тажикстандын 10-15тей жараны топтолгон. Чуу чыгып кетүү коркунучун алдын алуу максатында жерине Чек ара кызматынын өкүлдөрү барган", — деп айтылат маалыматта.
Учурда чек ара аймагындагы жашоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Абал туруктуу.