Жеңишти алдырып ийди! Жоламан Шаршенбеков Киевдеги турнирде утулган видео

Шаршенбеков Кыргызстан эгемендик алгандан бери дүйнө чемпионатынан күмүш медаль тагынган экинчи кыргызстандык. Биринчи жолкусун Канат Бегалиев алган.
Sputnik
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Грек-рим күрөшүнүн белгилүү балбаны Жоламан Шаршенбеков Киевдеги эл аралык турнирдин финалында ирандык Алиреза Неджатиге 1:5 упай эсебинде утулуп, күмүш медаль тагынмай болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Күрөш федерациясынын расмий сайтында айтылат.
Балбандар 60 килограмм салмак ченде күч сынашты. Алардын кармашын социалдык тармактагы спорттук баракчалар чыгарды.
"Жеңишти камсыздоого бир нече эле секунд жетпей калды. Ал ыкманы кармашуу аяктагандан кийин жасап калды. Анын үстүнө Кыргызстандын чемпионатынан кийин дароо бул турнирге катышууга туура келди", — деп жазылган спорттук баракчада.
Зал жарылып кетейин деди! Жоламан Калыны утуп, өлкө чемпиону болгон видео
Кыргызстандык балбан 1/16 финалда алжирлик Абдельжеббар Жеббарини утса, 1/8 финалда грузиялык Дато Чхартишвилини, чейрек финалда Иво Ангеловду (Болгария) жеңип алган. Ал эми жарым финалда украиналык Виктор Петрикти 12:4 эсебинде таза техникалык артыкчылык менен уткан болчу.
Украинанын чыгаан балбандарынын жана машыктыруучуларынын элесине арналган XXIV эл аралык мелдеш кечээ башталган.
Жоламан Шаршенбеков Кыргызстан эгемендик алгандан бери дүйнө чемпионатынан (2018) күмүш медаль тагынган экинчи кыргызстандык. Биринчи жолкусун Канат Бегалиев (2006) алган.
Ал эми дүйнө чемпионатынан алтынды 2019-жылы Айсулуу Тыныбекова алганы белгилүү.