Жоламан Шаршенбеков Киевде өтүп жаткан эл аралык мелдештин финалына чыкты

Мелдештин жүрүшүн аталган өлкөнүн спорттук күрөш ассоциациясынын расмий сайты түз алып көрсөттү. Эртең ал алтын байге үчүн ирандык Али Нажети менен кармашат.
Sputnik
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Кыргызстандык грек-рим күрөшүнүн балбаны Жоламан Шаршенбеков Киевде спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча Украинанын чыгаан балбандарынын жана машыктыруучуларынын элесине арналган XXIV эл аралык мелдештин финалына чыкты. Мелдештин жүрүшүн аталган өлкөнүн спорттук күрөш ассоциациясынын расмий сайты түз алып көрсөттү. 
КРдин балбандары Киевде Олимпиада чемпиондорун утуп, финалга чыгышты. Видео
Кыргызстандык балбан 1/16 финалда алжирлик Абдельжеббар Жеббарини утса, 1/8 финалда грузиялык Дато Чхартишвилини жеңди. Ал эми чейрек финалда Иво Ангеловду (Болгария) утуп алган.