Кыргызстанда кумшекердин баасы былтыркыдан 19 сомго чейин кымбаттады

Статком өлкөнүн 18 калктуу конушуна мониторинг жүргүзүп, 25-февралга карата кумшекердин орточо баасын чыгарган.
Sputnik
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Кыргызстанда кумшекерге болгон баа былтыркыга салыштырмалуу дээрлик 19 сомго кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Статкомдун өлкөнүн 18 калктуу конушуна жүргүзгөн мониторингдин жыйынтыгында 25-февралга карата кумшекердин баасы орточо эсеп менен 59,93 сомду түзгөн. Бул өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 18,87 сомго же 46 пайызга өскөнүн көрсөтөт.
Кыргызстанда бир жылда азык-түлүктүн баасы канчага кымбаттады. Статистика
Ошол эле учурда кумшекердин чекене баалары орточо республикалык көрсөткүчтөн жогору болуп, бир килограммы Жалал-Абад шаарында 64,33, Ошто 64,27 жана Исфанада 63,65 сомдон сатылууда. Ал эми Ноокат шаарында 50 жана Өзгөндө 46,82 сомдон сатылып, орточо көрсөткүчтөн төмөн болгон.
Кумшекердин бааларынын эң жогору өсүшү үстүбүздөгү жылдын январь айына салыштырмалуу Жалал-Абад шаарында 14 пайызга, Кара-Балтада 12,7 пайызга, Токтогулда 12,1 пайызга өскөн.