Штаб: өлкөдө коронавируска караганда пневмониядан көп адам көз жумган

Коронавирус жуктургандардын санын аймактар боюнча алганда Бишкек шаары биринчи орунда турат. Чүй менен Жалал-Абад облусунда да бир топ адамдан оору аныкталган.
Sputnik
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирустан жалпы 1 464 бейтап көз жумса, анын 1 004ү коронавирус чакырган пневмониядан (U07.2) каза тапкан. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады.
Бир суткада 44 адам коронавирус жуктуруп, бир бейтап көз жумду
Ошондо Кыргызстанда көз жумган жалпы 1 464 бейтаптын ичинен 460ы коронавирустан (U07.1), ал эми 1 004ү пневмониядан ажал тапкан.
Өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 86 229га жетти. Республикалык штаб оору аныкталгандардын көбү кайсы аймактан экенин да көрсөткөн.
Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын ичинен 83 179у ооруну жеңгени айтылды.