Радио

Усебаев: Жусуп Абдрахмановдун эстелиги Бишкек, Ош жана Ысык-Көлдө тургузулат

Мамлекеттик жана коомдук ишмер, Жусуп Абдрахманов атындагы фонддун төрагасы Мирбек Усебаев Балыкчы шаарына Жусуп Абдрахмановдун атын берүү каралып жатканын айтты.
Sputnik
Жусуп Абрахмановдун 120 жылдыгын өткөрүү үчүн даярдыктар былтыртан эле башталган. Быйыл коомдук ишмерге арналган иш-чаралар жыл бою өткөрүлөт. Алгач илимий конференциялар, жаштарга бул инсанды таанытуу үчүн олимпиадалар мерчемделген. Бул тууралуу Мирбек Усебаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, коомдук ишмердин 120 жылдыгына карата быйыл Ысык-Көлдө республикалык деңгээлде көк бөрү боюнча турнир өтөт.
"Бул жылы Абдрахмановдун музейин ачуу планы бар. КР президентинин алдындагы башкаруу академиясына лидердин атын берүү сунушталды. Коомдук ишмердин эстелигин кичи мекенине коюуну көздөп жатабыз. Азыр Чолпон-Ата шаарынын депутаттары менен сүйлөшүлдү. Ал жердеги паркка Абдрахмановдун атын берип, музейи ачылып, эстелиги коюлат. Ошондой эле Ош, Бишкек шаарларында да эстелик тургузулат. 12-мартта Кыргыз АССРинин эл комиссарлар кеңешинин төрагасы болуп шайланган күнүн утурлай Кувейт эл аралык университетинде "Жусуп Абдрахманов кыргыз мамлекетинин негиздөөчүсү" темасында конференция өтөт. Анын жыйынтыгы менен китеп чыгат. Тарыхчы Дөөлөтбек Сапаралиевдин демилгеси менен "Абдрахманов — улут лидери" темасында студенттер арасында олимпиада уюштурулат", — деди Усебаев.
Ал Жусуп Абдрахмановдун раритеттик жеке иш столу Тарых музейинин балансына өткөрүп берилерин кошумчалады.