БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Чүй, Талас облустары
1-2-март күндөрү жана 3-март түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз кээ бир райондордо жамгыр, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 4-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир жерлерде жаан жаайт.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары
Өлкөнүн түштүк аймагында 1-2-мартта күн ачык бойдон турат. Бирок 3-мартта күндүз Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр жаап, тоолорго кар түшөт. Ош облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.
4-мартта Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаайт.
Ысык-Көл облусу
1-3-март күндөрү жаан-чачын болбойт. Ал эми 4-мартта күндүн көзү бузулуп, кээ бир райондордо жамгыр жаап, тоолорго кар түшөт.
Нарын облусу
Жаздын алгачкы күнүнөн 3-мартка чейин күн ачык болот. 4-мартта түнкүсүн кээ бир райондордо жамгыр жаап, тоолуу жерлерде кар жаашы ыктымал.
Өлкө боюнча 5-6-мартка карата аба ырайынын жакындатылган болжолдоосу:
5-мартта түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ал эми эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт. Абанын күндүзгү температурасы төмөндөйт.
6-мартта түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаап, күндүз басылат. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.