Муратбек Азымбакиев ШКУнун башкы катчысынын орун басарынын милдетин аткарат

Азымбакиев буга чейин Катчылыктын экономикалык жана социалдык маселелер боюнча департаментинин улук эксперти болуп иштечү. Ошондой эле билим берүү, маданият жана туризм жаатында ШКУга мүчө-мамлекеттердин кызматташуу маселелерин тескеп келген.
Sputnik
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Муратбек Азымбакиев Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысынын орун басарынын милдетин аткара баштады. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, аталган кызматта ал ШКУ катчылыгынын Маалымат жана талдоо департаментин жетектейт.
"Муратбек Азымбакиев буга чейин Катчылыктын экономикалык жана социалдык маселелер боюнча департаментинин улук эксперти болуп иштеген. Ошондой эле билим берүү, маданият жана туризм жаатында ШКУга мүчө-мамлекеттердин кызматташуу маселелерин тескечү. Ал Тышкы иштер министрлигинин системасында 1993-жылдан бери эмгектенет", — деп айтылат маалыматта.
Азымбакиев ТИМдин Борбордук аппаратында жана чет өлкөдө ар кандай кызматтарда эмгектенген. Алар:
Муратбек Азымбакиевдин I класстагы кеңешчи деген дипломатиялык рангы бар экени айтылды.