Коңшулук мамилени арттыралы. Жапаров Өзбекстандын ТИМ башчысын кабыл алды

Жапаров достук жана ынак коңшулук мамилелерди мындан ары да өнүктүрүүгө бекем ниети бар экендигин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камиловду кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эки жана көп тараптуу кызматташуунун абалы жана келечеги жөнүндө пикир алмашкан.
1 / 4
Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камиловду кабыл алды
2 / 4
Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эки жана көп тараптуу кызматташуунун абалы жана келечеги жөнүндө пикир алмашкан.
3 / 4
Жапаров достук жана ынак коңшулук мамилелерди мындан ары да өнүктүрүүгө бекем ниети бар экендигин баса белгилеген.
4 / 4
Ал эми Камилов тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде маселелер өз нугунда талкууланып жана сүйлөшүүлөр эки өлкөнүн кызыкчылыктарын эске алуу менен жүргүзүлүп жаткандыгын маалымдады.
Жапаров достук жана ынак коңшулук мамилелерди мындан ары да өнүктүрүүгө бекем ниети бар экендигин баса белгилеген.
"Мамлекет башчы эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты арттыруу боюнча жагымдуу шарттарды түзүү үчүн биргеликте иш алып барууга даяр экендигин билдирип, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге саламын жолдоду", — деп айтылат маалыматта.
Жапаров Путинге эмне тартуу кылганы белгилүү болду
Ал эми Камилов тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде маселелер өз нугунда талкууланып жана сүйлөшүүлөр эки өлкөнүн кызыкчылыктарын эске алуу менен жүргүзүлүп жаткандыгын маалымдады.
Ошондой эле Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин "Борбордук жана Түштүк Азия: аймактык өз ара байланыш. Кыйынчылыктар жана мүмкүнчүлүктөр" деген аталыштагы жогорку деңгээлде өтө турган эл аралык конференцияга чакыруусун жеткирди.