Садыр Жапаров 2-3-март күндөрү Казакстанга барат

Коңшу өлкөгө жасалчу сапардын статусу жана программасы азырынча белгисиз. Толук маалымат кийинчерээк берилет.
Sputnik
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров 2-3-март күндөрү Казакстанга барат. Маалыматты президенттин маалымат кызматы тастыктады.
Сапардын статусу жана программасы азырынча белгисиз. Президенттик аппарат толук маалыматты кийинчерээк берүүнү убадалады.
Белгилей кетсек, жакынкы күндөрү мамлекет башчынын Өзбекстан жана Түркмөнстан өлкөлөрүнө дагы барышы болжолдонууда.
Бул жуманын башында Россияга жумушчу сапары менен барып келген.