"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына экинчи ирет күйөөгө чыгып, андан да бактылуу боло албай, турмуштан чарчаган келиндин — төрт баланын энесинин кеңеш сураган каты жарыяланды.
Жашым 27де. Учурда күйөөм менен Россиядабыз. Албетте, мигранттардын күнүн көрүп, көп кабаттуу үйдөгү батирдин бир бөлмөсүндө жашайбыз. Үч балам бар. Бул менин экинчи турмушум.
Биринчи жолдошум менен жолум болбой бир балалуу болгондон кийин ажырашып кеткенбиз. Уулум ата-энемдин колунда, мектепке барып калды. Россияга жалгыз кеткем. Иштеп жүрүп азыркы күйөөм менен таанышып, бул жактан эле үйлөнүп алдык. Ата-энебиздин алдына бир балалуу болгондо бардык. Эми шарт ошондой болду. Бирок убакыттын өтүшү менен экинчи жолу турмушка чыкканыма катуу өкүнүп калдым. Күйөөмдүн жаман кыял-жоругун, мамилесин көргөн сайын көңүлүм калды. Айлам жок гана жашап жатам. Кулак-мээни жейт. Сөз кайырсам урат, унчукпай койсом тоготпой жатасың деп артымдан ээрчип алып сүйлөнөт.
Ажырашып да кете албайм. Барар жерим жок, балдарым жаш. Чыдабай эки жолу үйдөн кетип калгам. Полицияга "жоголду" деп арыз жазып таптыртып алган. Эми кетсең "акчаны уурдады деп арыз жазам" деп коркутат. Акыркы кезде башым катуу ооруйт. Айылдагы кайын-журтума барып жашап көрдүм. Анда да болбойт экен. Ал жерде жүрсөк, бизди такыр эле таштап, кабар албай койду. Акча салбаса кайындарга деле бата албайт экенсиң.
Башында биринчи никедеги уулумду жаныма алып келем деген пландарым бар болчу. Бирок жолдошум биринчи турмушумдагы эмес, азыркы балдарымды дагы жакшы карабайт. Биринчи күйөөм да баласы менен иши жок. Анын милдети эми таята-таенесинин мойнунда калды. Өз балдарымды өзүм карай албай жатканыма жаман болом. Аны бул түшүнбөйт.
Кайра төрөлсөм жашоомду башкача баштамакмын. Мектепти бүтөрүм менен эле турмушка беришкен. Окубай калганыма өкүнөм. Жок дегенде биринчи турмушумда жолум болбосо да, экинчисине чыкпай өз оокатымды кылып же билим алсам болмок экен. Азыр капканда калгандай сезилип жатат. Аргам барбы?
Психолог Айгүл Ысыкеева:
—Абдан татаал тагдыр экен. Акыркы убакта ушундай окуялар көбөйүп баратат. Ата-энеси балдарына туура эмес тарбия берип, алардын турмушун каалагандай калчаган учурлар кездешет. "Кызым турмушка чыкпай калат" же "жаман бирөөгө туш болуп калат" дешип жеке коркунучтарынын арты менен өздөрү жакшы көргөн адамга алып берип коюшат. Үй-бүлө куруу — бул жалаң эле оокат кылуу эмес. Бул эки адамдын мамилеси. Кыздар көбүнчө түгөйүн жакшы тааныбай эле турмушка чыгып алышат. Андан кийин ушундай тагдырга, зордук-зомбулукка кабылышууда. Туңгуюкка кептелгенде гана "Окусам болмок. Турмушка чыкпай турбай" дешип түштөн кийин акыл кире баштайт. Ойлонбой турмуш баштоодо баланын тагдыры да белгисиз болуп калууда. Анткени экинчи жолу да чок баскан келин балдарын багып кете алабы же буларды да башка бирөөнүн башына жүктөп коёбу? Өзү иштей албаса, баласын бага албаса алгач атайын кризистик борборлорго кайрылуу керек. Бул келиндин жолдошундай адам менен жашоо кыйын. Экинчиден, эгер аны менен жашоону кааласа, жакшы көрсө башкача мамиле курганды үйрөнүп, жаңыча жолдорун караштыруу керек. Же күйөөсүнүн мүнөзүн, ага жасаган мамилени жакшыртуу жагын да караштырып, ойлонсун. Бул оңой эмес. Башкысы өз турмушун, алдыда кыла турган иштерин анализдеп чыгуу зарыл. "Кантсем иштей алам, кайсы жумуш мага ылайыктуу" деп караштыруу зарыл. Бул кырдаалдан чыгуунун жолу көп. Анын баарын анализдеп, эң алгач кризистик борборлорду же бекер кеңеш бере турган психологдорду табуу зарыл. Эң негизгиси, балдардын келечегин ойлоп, аларды бирөөнүн колуна калтырбай багып кетүү керек. Белгилей кете турган нерсе — мындай тагдырга кабылган аялдардын арасында кийин ийгиликке жетишкендер да бар. Ушундай турмуштук көйгөйлөр адамды күчтүү кылып, чыйралтат.