БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Бишкекте салттуу билим алууну жандандыруу маселесинде балдардын ден соолугуна кооптуулук жаралбайбы деген маселени карап, ошого жараша иш кылыш керек. Мэрия бир катар балдардын аралыктан билим алууну таштайбыз деген ниетине жогорудагыдай жооп кайтарды.
Мэрияга балдар онлайн билим алуудан баш тартып, окубайбыз деген ниетин билдирип жатканы туурасында маалымат келип түшкөн.
"Урматтуу ата-энелер, Бишкекте адаттагы форматта төрт класстын балдары гана окуп жатат, жакынкы күндөн тарта биз эки мектепти жаап, балдарды аралыктан билим алууга жиберүүгө аргасыз болдук. Себеби ал жайларда ооруп калган балдар жана мугалимдер болду", — деп эскертишти муниципалитеттен.
Мэриядан онлайн-окуунун балдар үчүн да, ата-энелер жана мугалимдер үчүн да кандай кыйын болгондугун түшүнүп жаткандыктарын айтышты.
"Бирок биз биринчи иретте балдардын өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугун карашыбыз керек! Андыктан бардык ата-энелерди 2020-2021-окуу жылында онлайн окууну азыркы абал талап кылып жаткандыгын, ден соолук,чыдамдуулук зарылдыгын балдарга болушунча жеткиликтүү кылып түшүндүрүүсүн суранабыз", — деп айтылат таратылган маалыматта.
Кечээ, 27-февралда, Бишкектеги мектептер менен бала бакчалардын 1-марттан тарта ачылбай турганы белгилүү болгон. Вице-мэр Айжан Чыныбаеванын айтымында, COVID менен күрөшүү боюнча Республикалык штаб азырынча уруксат бере элек.