БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Кыргызстанда учурда коронавирус жуктурган 19 адам өтө оор абалда жатса, 43 адамга аталган илдет жуккан. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Бүгүн COVID-19дан каза болгондор катталган жок.
Маалыматтарга таянсак, ооруканаларда учурда коронавирустан 371 адам дарыланууда.
"Стационардагылардын ичинен 90 бейтап оор, 19 киши өтө оор абалда жатат", — деп айтылат штабдын маалыматында.
Амбулатордук дарыланууда 285 бейтап бар экени айтылды.
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда: