КРдин балбандары Киевде Олимпиада чемпиондорун утуп, финалга чыгышты. Видео

Спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча Украинада өтүп жаткан эл аралык ири мелдештин биринчи күнүндө кыргызстандык беш балбан финалга чыкты.
Sputnik
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Кыргызстандын беш балбаны Киевде спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча Украинанын чыгаан балбандарынын жана машыктыруучуларынын элесине арналган XXIV эл аралык мелдештин финалына чыгышты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Күрөш федерациясынын расмий сайтында айтылат.
Эркин күрөштөн 65 килограмм салмакта Эрназар Акматалиев финалга чыкты. Алтын байге үчүн ал бүгүн азербайжандык Али Рахимзаде менен таймашат.
Кыз-келиндер күрөшүнөн 59 килограмм салмакта Назира Марсбек кызы финалда украиналык Екатерина Зеленых менен таймашат. 68 килограмм салмакта Мээрим Жуманазарова канадалык Оливье Ди Бакко менен финалга чыкты. Ал эми эң оор, 76 килограмм салмактагы балбан кыз Айпери Медет кызы жарым финалда Рио-2016 олимпиадасынын чемпиону, канадалык Эрика Вэйбени далысын тийгизип, таза жеңишти камсыздады. Чечүүчү беттеште ал эстониялык Мае Епп менен кармашат.
Ал эми грек-рим күрөшүнөн 97 килограмм салмактагы кыргызстандык балбан Үзүр Жузупбеков армениялык атактуу балбан, бир нече жолку дүйнө чемпиону, Рио-2016 олимпиадасынын чемпиону Артур Алексанянды утуп, финалга чыкты. Жузупбеков 5:0 эсебинде утулуп жатып, кармаштын аягына чейин эсепти 5:7ге айландыра алган.
Эми ал алтын байге үчүн грузиялык Георгия Мелия менен кармашат.
Финалдык беттештер бүгүн кечинде, Бишкек убактысы боюнча саат 21:00дө башталат.
Эскерте кетсек, бүгүн кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов сыяктуу балбандар килемге чыгышат.