БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Кара-Суу районунда сейфти уурдоо үчүн үй ээсин өлтүрүшкөн. Кылмышка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.
Анын айтымында, бүгүн, 27-февралда, эртең менен саат 07:13тө Кара-Суу райондук милициянын нөөмөт бөлүмүнө Т.У. аттуу 55 жаштагы аял миздүү нерседен жараат алып ооруканага түшкөнү туурасында кабар жеткен.
Шектүү катары Кара-Суу шаарынын Крылов көчөсүнүн жашоочусу 20 жаштагы А. уулу А. жана К. А. кармалган
© Фото / пресс-службе УВД Ошской области
"Текшерүүнүн жүрүшүндө бүгүн таңкы саат 05:00 чамасында белгисиз эки адам беттерин чүмбөттөп алып Кара-Суу шаарынын көчөлөрүнүн бириндеги турак үйгө уруулукка киргени аныкталды. Алар уктап жаткан үй ээсин жыгач таяк менен башка уруп, андан соң бычак менен сайып, бөлмөдө турган темир сейфти алып качып кетишкен. Жабырлануучу Кара-Суу райондук ооруканасына жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Тилекке каршы, ал үч сааттан кийин каза болуп калды", — деди Аширбаев.
Аталган факты Жазык кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүгүнүн 14-пункту ("Каракчылык, опузалап талап кылуу же терроризм акт менен коштолгон киши өлтүрүү") менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Үйүн тинтүү учурунда ачыла элек темир сейф, бычак, жыгач таяк жана бет чүмбөттөрү табылган
© Фото / пресс-службе УВД Ошской области
Натыйжада кылмыштын изи сууй электе шектүү катары Кара-Суу шаарынын Крылов көчөсүнүн жашоочусу 20 жаштагы А. уулу А. жана К. А. кармалган. Үйүн тинтүү учурунда ачыла элек темир сейф, бычак, жыгач таяк жана бет чүмбөттөрү табылган.
Азыркы тапта тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.