БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Чүй облусунун Кемин районундагы жайыттан мал айдап келем деп үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан 31 жаштагы келиндин сөөгүн милиция кызматкерлери кечээ кечинде Жел-Арык жайытынан тапты. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.
Эске салсак, аял 22-февраль күнү Кеминдин Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Терек-Жайлоо тилкесинен жайытка кетип, кайра кайтпагандыктан ӨКМдин куткаруучулары, ИИМдин төрт кызматкери жана жергиликтүү 22 тургун издеп баштаган.
"26-февралда болжол менен саат 18:03тө милиция кызматкерлери Жел-Арык аймагынан аталган аялдын сөөгүн тапкан. Алдын ала берилген маалыматтарда, аял кулап, эс-учун жоготуп, суукта тоңуп каза болгон", — деп айтылат маалыматта.
Учурда өлүмдүн так себебин аныктоо үчүн кошумча иликтөө иштери да жүрүп жаткандыгын кабарлашты.