Бишкекте бильярд боюнча өлкө чемпионаты жыйынтыкталды

Мелдеш республиканын чемпиондорун аныктоо, Кыргызстанда бильярд спортун өнүктүрүү максатында өткөрүлдү.
Sputnik
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Кыргызстандык бильярдчы Арсен Каленбаев өлкө биринчилигин утуп, чемпион наамын коргоду. Бул тууралуу Кыргызстандын Бильярд федерациясынын башкы катчысы Наргиза Рыскулова билдирди.
Аталган спорттун "Айкалышкан пирамида" түрү боюнча эркектер жана аялдар аралаш ойногон өлкө чемпионаты кечээ жыйынтыкталган.
Финалда Арсен Каленбаев менен Бакыт Болоталиев таймашы алты жеңишке чейин белгиленип, 6:4 эсебинде Каленбаев жеңип алды. Ал эми Абдулла Тагаев менен Кайрат Абсатаров үчүнчү орунду камсыздашкан.
КРдин балбандары Киевде Олимпиада чемпиондорун утуп, финалга чыгышты. Видео
Мелдеш 24-26-февраль күндөрү Бишкекте өтүп, республиканын бардык аймактарынан жана Бишкек шаарынан 64 кий чеберлери (эркектер, кыз-келиндер) күчтөрүн сынашты. Байгелүү орунду ээлеген бильярдчылар Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын диплом, медалдары менен сыйланышты.
Мелдеш республиканын чемпиондорун аныктоо, Кыргызстанда бильярд спортун өнүктүрүү максатында өткөрүлгөн.
Чемпионат Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекция жана КРдин Бильярд спорту федерациясы тарабынан уюштурулду.