Россия душмандары "Спутник V" вакцинасынын лидерлигинен коркуп жатат. Пикир

Россиянын вирусология боюнча лидерлигинин тарыхына арналып уюштурулган көргөзмөдө "Спутник V" боюнча кеп болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Коронавируска каршы россиялык "Спутник V" вакцинасына каршы чыккандар дүйнө жүзүндө анын беделин түшүрүүгө аракет кылууда. Себеби препарат мыктылардын бири болгондуктан, андан коркуп жатышат. Бул тууралуу Түз инвестициялар боюнча россиялык фонддун башчысы Кирилл Дмитриев билдиргенин РИА Новости жазды.
Россиялык тарыхый коомчулуктун аянтчасында Россиянын вирусология боюнча лидерлигинин тарыхына арналып уюштурулган көргөзмөдө "Спутник V" менен сыймыктануу керектиги айтылды.
"Спутник V" вакцинасынын эл аралык деңгээлде таанылгандыгы эле эмес, дүйнөдөгү биздин лидерлик туурасында да айтса болот... Биз жөнөкөй, бирок ак пейилдүү, чынчыл болушубуз керек. Дүйнөдөгү эң мыкты вакцина биздики, бул россиялык окумуштуулардын эң чоң эрдиги, муну менен сыймыктанса болот", — деген Дмитриев.
Ал бир катар тараптардын препаратка болгон мамилеси туурасында да кеп салган.
"Спутник V" вакцинасын түзгөндөр Нобель сыйлыгына көрсөтүлүшү мүмкүн
"Россиянын көп душмандары Россияга болгон ишенимди жок кылууга далалат кылышты, "Спутник V" дүйнөдөгү эң мыкты вакциналардын бири болгондуктан, андан коркуп, жаманатты кылыш үчүн көп аракет кылгандыгын түшүнүп турабыз", — деди Дмитриев ишенимдүү түрдө.
Lancet илимий журналы буга чейин "Спутник V" вакцинасынын үчүнчү фазасынын бул препараттын эң жогорку майнаптуулугун жана коопсуздугу боюнча клиникалык изилдөөлөрүнүн жыйынтыгын жарыялаган. Үчүнчү клиникалык изилдөөнүн жыйынтыгында анын натыйжалуулугу 91,6 пайызды түзгөн. Вакцина коронавирустун оор түрү менен ооруп калуудан толугу менен сактайт. Андан сырткары, "Спутник V" дүйнөнүн 30дан ашуун мамлекеттеринде колдоого алынган. Бул препарат катталган өлкөлөрдүн жашоочуларынын саны 1,1 миллиард адамдан ашып кетет.