Кинодогу Сур эчки менен барстын кийинки тагдыры. "Ак илбирстин тукумунан" 13 сүрөт

Sputnik

Эмгек бир топ чет элдиктерди таң калтырып, "кыргыз кереметинин" атагын дагы далайга жеткирген. Бул ирет Sputnik Кыргызстан агенттиги аталган кинокартинадагы сейрек ирмемдерди сунуштайт.

Төлөмүш Океев "Кожожаш" эпосунун негизинде тартыла турчу фильмдин сценарийин драматург Мар Байжиев менен жазып, СССРдин кинематография боюнча комитетине үч жолу кайра-кайра жиберип жатып макулдук алган. Ошол кезде аялы Жумаш Өмүрова да сыркоолоп, онкологиялык клиникада текшерилип жүргөн.

Кыргыз каймактарынын бири Иманалы Айдарбеков жана үй-бүлөсү. Тарыхый 11 ирмем
Москвадан уруксат алгандан кийин өзүнүн иштей турган адамдарын чогултууга киришип, Кожожаштын ролуна Сүймөнкул Чокморовду тартууну көздөгөн, бирок ал катуу ооруп жүргөндүктөн тилеги ишке ашпай калган. Анда режиссёр баскан-турганы, өңү-түсү да башкы ролго дал келет деп Москвада окуп жүргөн Догдурбек Кыдыралиевди чакыртып келген. Кинофильмде Нуртай Борбиев оператор болсо, композитору Москвада бешинчи курста окуган Муратбек Бегалиев болгон.

Кинокартинада айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылып, аны менен эриш-аркак жашабаса кесепети аянычтуу болуп, Кожожаштай уулунан ажырап, Сур эчкинин каргышынан улам асканын башында жалгыз калгандай тагдырга ар бир адам туш келиши мүмкүн экендиги баяндалган.

"Ак илбирстин тукуму" 35тей мамлекеттин көрүүчүлөрүнө сунушталып, Берлиндеги эң абройлуу кинофестивалдардын биринде "Күмүш аюу", Дамаск шаарында "Күмүш кылыч" сыйлыгына, Минск шаарындагы Бүткүл союздук фестивалда башкы байгеге татыган.

Тасма Хан-Теңири чокусунда, Кегети ашуусунда, Ала-Арча капчыгайында, Ат-Башынын жайлоолорунда жана бөкөндөргө аңчылык кылган учур Казакстандын Моюн-Кум талаасында тартылган. Ага 200дөн ашык адам катышып, Ашыр Чокубаев, Досхан Жолжаксынов, Гүлнара Абдыкадырова, Калыйча Акматова, Айбек Кыдыралиев, Акыл Куланбаев, Светлана Чебодаева-Чаптыкова, Сакыбек Карабаев, Али Мухаммед, Раимбай Сеитов, Димаш Ахимов, Алексей Араштаев, Гүлсара Ажыбекова, Чоро Думанаев, Орозбек Кутманалиев, Асанбек Кыдырназаров өңдүү кыргыз, хакас, тажик, өзбек жана казак актёрлору образ жараткан. Айрым эпизоддорду тартууга каскадёрлор, СССРдин борборунан альпинисттер да чакыртылган. Ал эми киночулар тасмада колдонулган ак илбирс, Сур эчки кийин зоопаркка өткөрүп берилген.

1 / 13
Башкы ролдогу Догдурбек Кыдыралиев (Кожожаш) менен Ашыр Чокубаев (Касен)
2 / 13
Кожожаштын келинчеги Зулайканын образында Гүлнара Кадыралиева
3 / 13
Жаш актёр Марат Жантелиев капканга түшүп калган ак илбирс менен алышып жаткан учуру, 1984-жылы Чүй облусунда тартылган
4 / 13
Көзүнөн жашы төгүлүп ыйлаган Зулайканы көтөрүп баскан Кожожаш
5 / 13
КРдин эмгек сиңирген артисти Марат Жантелиев менен Кыргыз ССРинин эл артисти Алиман Жангорозова
6 / 13
Мундузбай ак дасторкон үстүндө аксакалдар менен
7 / 13
Башкы каарман Кожожаштын образын жараткан актёр Догдурбек Кыдыралиев
8 / 13
Эр жүрөк Кожожашты сүйүп калган Айкенин образында Гүлнара Чокубаева
9 / 13
Капканга түшкөн ак илбирс, аны бошотууга камынган Кожожаш жана киночулар
10 / 13
Ээн талаада өлүп жаткан бөкөндөр менен кошо ок жеген Карагул
11 / 13
Кинофильмди тартууга кыргыз, хакас, тажик, өзбек жана казак актёрлору да катышкан
12 / 13
"Ак илбирстин тукуму" тасмасын тартуу маалында киночулар бийик тоолуу аймакта, оор шартта иштеген
13 / 13
Ак илбирсти жаратууга катышкан чыгармачыл топ, ортодо режиссёр Төлөмүш Океев менен оператор Нуртай Борбиев