Баасы 2 млн. сомду чапчыйт. Депутаттардын колундагы кымбат сааттардын видеосу

Жогорку Кеңештин депутаттары кандай саат тагынарына кызыгып жаткан болсоңуз, ушул видеодон тааныша аласыз. Sputnik Кыргызстан эл өкүлдөрүн сүрөткө тартып, алардыкына окшош сааттардын баасын билип көрдү.
Sputnik
Биздин кадрга түшкөн 10 депутаттын ичинен эң эле кымбат саат Марлен Маматалиевдики деп атоого болот. Андай сааттардын баасы интернет дүкөнүндө 2,2 миллион сом деп жазылган. Андан кийинки сапта Аккулу Бердиев менен жакында эле депутаттык мандатын тапшырып кеткен Искендер Гайпкулов турат. Ал эми эң арзаны Асел Кодурановага таандык. Аныкына окшогон сааттарды 10 300 сомго сатып алса болот.