Пресс-борбор

Министрлик: балдарын мектепке киргизе албай калгандарга комиссия жардам берет

Министрдин орун басары түзүлгөн комиссиялар жашаган жери боюнча юридикалык себептерден улам балдарын мектепке киргизе албай калгандардын маселесин чечип берүүгө аракет кыларын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн тегерек столдо баланы 1-класска электрондук каттоо маалында жаралган көйгөйлөр боюнча суроолорго жооп берди.
Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова
Анда кабарчы министрдин орун басарына 15-февралда системадагы кемчиликтер тууралуу айтып, эмне себептен система иштей баштаган күнү эле айрым мектептерде орун толуп калганын сураган. Ошондой эле муну ата-энелер коррупция менен байланыштырганын кошумчалаган.
Жусупбекова мындай көйгөй менен бир нече ата-эне кайрылганын айтып, бирок ал коррупцияга эч тиешеси жок экенин белгиледи.
"Бул техникалык жактан кеткен ката. Ата-энелер платформага балдарын мектепке каттоо үчүн киргенде айрым мектептер системадан чыкпай калган учурлар кездешкен. Аны ошол эле күнү оңдошкон. Азыр адистер келип чыккан кемчиликти анализдеп жатышат", — деди ал.
Министрдин орун басары баланы мектепке киргизүү боюнча ата-энелердин арыздарын карап чыгуу үчүн ар бир райондо атайын комиссиялар уюштурулганын кошумчалады.
1-класска электрондук каттоо жүргүзүүгө дагы беш шаар кошулду
Анын айтымында, комиссия жашаган жери боюнча юридикалык себептерден улам мектепке балдарын киргизе албай калгандардын маселесин чечип берүүгө аракет кылат.
Эске салсак, электрондук каттоо долбоору өлкөнүн Бишкек, Ош, Кара-Балта, Кызыл-Кыя, Жалал-Абад шаарларында эки жылдан бери иштеп, быйыл Каракол, Нарын, Талас, Баткен, Кара-Суу шаарларында иштеп жатат. Баланы 1-класска электрондук каттоо 15-августта аяктайт.