БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Бишкек шаарында мектептер менен бала бакчалар 1-мартта ачылбайт деп Sputnik агенттигине вице-мэр Айжан Чыныбаева билдирди.
Анын айтымына караганда, COVID боюнча республикалык штаб аталган жайларды ачууга уруксат берген эмес. Учурда эпидемиологдор окуу жайлардагы ооруп калган балдардын санын билүү үчүн мониторинг жүргүзүп жатышат. Коронавирус белгилери байкалган балдардан ПЦР-тест алынат.
"Мониторинг жыйынтыгы боюнча республикалык штабга отчёт беребиз. Тилекке каршы, бизге 1-марттан тарта мектептер менен бала бакчаларды толугу менен ачууга уруксат беришкен жок. Бир апта ичинде так жооп берет деп турабыз", — деди ал.
Ал балдарды шахматтын жайгашуу тартибиндей кылып отургузуп, сабакты 20 мүнөттөн өткөрүп мектептерди ачууга болорун эске салды. Бирок Чыныбаеванын айтымында, шаардагы мектептерде балдардын өтө көптүгүнөн улам талаптарды аткаруу мүмкүн эмес. Андыктан мэрия билим берүү мекемелеринде бул алгоритмди жокко чыгарууну жактап жатат.
Буга чейин ал кезде Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарып жаткан Балбак Түлөбаев Бишкектеги бала бакчалар менен мектептер 1-марттан тарта толугу менен иштей баштаарын билдирген эле.
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев да мектептерди бул датага карата ачуу пландалып жаткандыгын айткан.
Буга чейин эмне болду эле
4-февралда мэриянын алдына болжол менен 20га чукул киши чыгып, мектептер менен бала бакчаларды мурдагы тартипте иштетүүнү талап кылган. Азырынча борбордо менчик бакчалар гана иштеп жатат. Мектептер 18-январдан тарта оффлайн режими менен 1, 5, 9 жана 11-класстардын окуучуларын кабыл алууда. Ал эми 30-январда мэрия бардык класстарды кадимки тартип менен окутуудан баш тарткандыгын билдирген.
Пикетке чыккандар менен вице-мэр Чыныбаева жолуккан. Ал Бишкекте жалпысынан 200 миң бала мектепте окуй турганын, ал эми билим берүү мекемелеринде окуучулар топтолушу 211 пайызды түзгөндүктөн, мектептер ачылбастыгын айткан.