Валентина Шевченконун жаңы атаандашы. Беттеш жазында болот

Валентина Шевченко өзүнүн титулун 24-апрелде коргойт. ESPNMMA бул тууралуу Дана Уайт кабарлагандыгын жазды.
Sputnik
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. UFC чемпиону, кыргызстандык Валентина Шевченко кезектеги беттешин Жессика Андраде менен өткөрөт. Бул тууралуу спорттук беделдүү ESPNMMA порталы билдирген.
"Ок" кайтып келе жатат! Валентина Шевченко өзүнүн титулун эң жеңил салмакта 24-апрелде Жессика Андрадеге каршы чыгып коргойт. Бул UFC 261 турниринин алкагында болорун Дана Уайт @bokamotoespn билдирди", — деп айтылат андагы маалыматта.
Андраде өзүнүн спорттук карьерасында 29 беттеш өткөрсө, анын 21ин жеңген. Акыркысында Кэтлин Чукагянга жеңилүү ызасын тарттырган.