Байланышты өнүктүрөлү. Жапаров Татарстан президенти Минниханов менен жолукту. Сүрөт

Татарстандын жетекчиси эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык жана жалпы байланыштарды өнүктүрүүгө көңүл буруу керектигин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Татарстандын президенти Рустам Минниханов менен жолугуп, эки тараптуу байланыштардын келечеги жөнүндө пикир алмашуу болду. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
1 / 2
Мамлекет башчы Садыр Жапаров Татарстандын президенти Рустам Минниханов менен жолугуп, эки тараптуу байланыштардын келечеги жөнүндө пикир алмашуу болду
2 / 2
Жапаров Кыргызстан менен Татарстан элдерин маданиятынын, тилинин окшоштугу, бир дин, жалпы каада-салттар бириктирип турарын жана аларды колдоо зарылдыгын белгилеген.
Жапаров Кыргызстан менен Татарстан элдерин маданиятынын, тилинин окшоштугу, бир дин, жалпы каада-салттар бириктирип турарын жана аларды колдоо зарылдыгын белгилеген.
Ал Татарстандын Россиянын өнүккөн аймактарынын катарына киргендигин, андагы ийгиликтерге канааттануу менен көз салып тургандыгын айткан.
"Биз ар дайым тыгыз кызматташууга, эки өлкөнүн элдеринин кызыкчылыгындагы экономикалык, соода, маданий байланыштарды өнүктүрүүгө ынтызарбыз", — деген Жапаров.
Жапаров Москвадагы кыргызстандыктарга жолукту. Сүрөт
Президент Минниханов эки тараптын өз ара достук жана натыйжалуу байланышын колдоо өтө маанилүү экендигине токтолуп, эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык жана жалпы байланыштарды өнүктүрүүгө көңүл буруу керектигин белгилеген.
"Минниханов электрондук башкаруу, инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруу жана башка чөйрөлөрдө тажрыйба алмашууга даяр экендигин билдирди", — деп айтылат маалыматта.
Маалыматта жолугушуу ачык, жылуу маанайда өткөндүгү айтылган.