Таңкы 6га чейин жабылды. Өлкөдөгү эки ири жолго чектөө киргизилди

Жолду көчкү кооптуулугунан улам жабууга Жарандык коргонуу башчысы-премьер министр бүгүн буйрук берген.
Sputnik
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунда кар көчкү түшүү коркунучу бар болгондуктан Жайыл, Токтогул райондорундагы жана Суусамыр — Талас — Тараз унаа жолунун Талды-Булак айылындагы посттор 25-февраль таңкы саат 06:00гө чейин убактылуу жабылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Бул премьер-министрдин буйругунун негизинде болгон.
"Бишкек — Ош жолунда кар көчкү түшүү коркунучу болгондуктан Жайыл районунун "Сосновка", Токтогул районунун "Арал" постторунда жана  Суусамыр — Талас — Тараз жолунун Талды-Булак айылындагы постунда автоунаалардын бардык түрүнө таңкы саат 06:00гө чейин убактылуу чектөө киргизилди", — деп кабарлаган ӨКМ.
Эске салсак, Бишкек — Ош жолунун 132-чакырымында көлөмү болжол менен 1800 м3 кар көчкү түшкөндүктөн учурда жол жабылган.