Еревандыктар премьер-министр Пашиняндын кетишин талап кылып көчөгө чыгышты

Пашиняндын рейтинги күзүндө Баку менен Тоолуу Карабах боюнча элдешүүгө кол койгондон кийин кескин түшүп кеткен. Анда Ереван үч райондон баш тартууга аргасыз болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Еревандыктар премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылып магистралдарды тосуп жатышат. Бул тууралуу armnews жазды.
Маалыматка караганда, жолдор эл тарабынан жабылгандыктан кыймыл токтоп калган.
Тоолуу Карабах: Путин, Алиев жана Пашиняндын сүйлөшүүсү дээрлик 4 саатка созулду
Буга чейин Армениянын куралдуу күчтөр боюнча башкы штабы Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылып, өзүнүн элине каршы күч колдонбоого чакырган. Кийин өкмөт башчысы башкы штабдын жетекчиси Оник Гаспарянды иштен алып, өзүнүн тарапташтарын өкмөт үйүнүн алдына чакырган.
Кийин өкмөт үйүнө парламенттин спикери Арарат Мирзоян, вице-спикер Ален Симонян, депутаттар жана министрлер кабинетинин мүчөлөрү келишкен.
Пашиняндын рейтинги күзүндө Баку менен Тоолуу Карабах боюнча элдешүүгө кол койгондон кийин кескин түшүп кеткен. Анда Ереван Кельбажар, Лачин жана Агдам райондорунан баш тартууга аргасыз болгон. Ошондон кийин Армениянын борборунда нааразычылык акциялары башталган.