Бишкек — Ош жолу унаалардын бардык түрү үчүн жабылды

Учурда "Сосновка" постунда 90го жакын автоунаа аба ырайынын жакшырышын күтүп турат. Бүгүн түнү трассага кар көчкү түшүү коркунучу жаралган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Бишкек — Ош жолу унаалардын бардык түрү үчүн жабылды. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашты.
Мындай чектөө кардуу бороонго байланыштуу киргизилди.
"Сосновка" постунда 60ка жакын жүк ташуучу унаа жана 30дай жеңил авто токтоп турат. ЖКККБдан билдиришкендей, жол аба ырайы жакшырганда ачылат.
Түндө кар көчкү түшүү коркунучу жаралгандыктан трасса жабылган. Чектөө таңкы саат 6:00гө чейин киргизилген.