Балыкчыдагы "Ордо" муниципалдык жаштар борбору жаңы имараттуу болду

Аталган борбор жаштарды шаардагы социалдык-экономикалык жана коомдук турмушка кеңири тартуу максатында уюшулган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Балыкчы шаар мэриясынын алдындагы "Ордо" муниципалдык жаштар борборунун жаңы салынган имараты расмий иштеп баштады. Бул тууралуу ачылыш аземге катышкан аймактык кабарчы билдирди.
1 / 4
Балыкчы шаар мэриясынын алдындагы "Ордо" муниципалдык жаштар борборунун жаңы салынган имараты расмий иштеп баштады
2 / 4
Аталган борбор жаштарды шаардагы социалдык-экономикалык жана коомдук турмушка кеңири тартуу максатында уюшулган
3 / 4
Ага Япония өкмөтү 43 миң доллар берип, долбоорду Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) өнүктүрүү программасы жүзөгө ашырган
4 / 4
Борбордо жергиликтүү активдүү жаштар биригип, демилгелерди көтөрүп, кийин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен ишке ашырууга шарт түзүлөт
Аталган борбор жаштарды шаардагы социалдык-экономикалык жана коомдук турмушка кеңири тартуу максатында уюшулган. Ага Япония өкмөтү 43 миң доллар берип, долбоорду Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) өнүктүрүү программасы жүзөгө ашырган.
"Бул жерге шаардын потенциалдуу жаштары чогулат. Биргелешкен пландарды түзүп, жергиликтүү коомдун туруктуу өнүгүүсүнө катышууга мүмкүнчүлүк түзүлөт", — деди БУУнун Өнүктүрүү программасынын туруктуу өкүлүнүн орун басары Томица Паович.
Россиянын ири соода-жарманке комплексинде "Кыргызстан" павильону ачылды
Борбордо жергиликтүү активдүү жаштар биригип, демилгелерди көтөрүп, кийин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен ишке ашырууга шарт түзүлөт. Ошондой эле жаштар саясатын калыптандырып, ишкердикке багыт алып, калааны өнүктүрүүгө салым кошууга түрткү болору белгиленди.
Ачылыш салтанатка Япониянын элчилигинин жана БУУнун өнүктүрүү программасынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлдөрү, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү жана шаар жаштары катышты.